Интерпол Испаниядан кызын мыйзамсыз алып чыгууга айыпталып жаткан кыргызстандыкка издөө жарыялады
- 2 жыл мурун
Интерпол Испаниядан жашы жете элек кызын мыйзамсыз жол менен алып чыгууга айыпталып жаткан кыргызстандык Элмира Шакирзяновага издөө жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1971-жылы туулган Элмира Круглова (Элмира Шакирзянова) 2016-жылы 8 жаштагы кызы Динара Каролинаны Барселонадан мыйзамсыз жол менен алып чыгып, белгисиз тарапка жашырынып кеткен. Аталган фактынын негизинде Кругловага Испаниянын Жазык кодексинин 225-беренеси (“Үй-бүлөгө каршы кылмыш/уурдоо”) боюнча айып тагылып, өзү жана кызы Динара Каролинага издөө жарыяланган.
Учурда эне-кыз Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүрөт.
Муну бөлүшүү