Бишкектеги №62 мектеп карантинге жабылды

  • 2 года мурун

Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы окуучулар арасында коронавирус илдети аныкталганына байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу ата-энелер «Кабар” агенттигине билдиришкен.

Маалыматка ылайык, аталган билим берүү мекемеси Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун нускамасына ылайык 14 күнгө карантинге жабылды.

Ата-энелердин билдиргенине караганда, мектепте балдар арасында коронавирус жуктурган 3 учур аныкталган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова Кыргызстандын мектептеринде бир адамдан COVID-19 табылса, класс аралыктан окууга өтөрүн, эки же андан ашык учур катталса, окуу жай толугу менен 14 күнгө карантинге жабыларын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты