Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 14-январда Башкы прокуратурада сурак берип чыкты.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органга 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирди.

Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атады.

«2019-жылы чек ара маселеси боюнча кылмыш иши козголгон экен. Аны бардык тараптар карап көрүп, «таптакыр эч нерсе жок» деп жабылып калган экен. Ошол жабылып калган нерсени декабрда парламенттин сессиясы башталгандан тартып кайра козгоп жатышат», — деди Мадумаров.

Ал мындан кийин дагы суракка чакырылганын кошумчалады.

Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын атайын кызматка суракка чакырылганы тууралуу комментарий берип жатып, соңку окуяларды «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата кысым катары сыпаттады.

Президент менен анын администрациясы Мадумаровдун дооматы боюнча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты