Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан бошотулду

  • 2 года мурун

Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук жаңыдан күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде кабыл алган.

Ага ылайык, кылмышты жасады деп шек саналып кармалган айыпталуучу кармалган убактан баштап соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин бир жылдык мөөнөттөн ашык убактылуу кармоочу жайда кармалбашы керек.

Белгилей кетскек, Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган. 2020-жылы октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан.

2021-жылы инюнда Жогорку Сот мурдагы инстанциядагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого жөнөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты