«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковго карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg  басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Басылма билдиргендей, Бишкектин Биринчи май райондук соту Дашковду ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан үй камагына которду.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору Василий Дашков 2021-жылдын 18-майында УКМК тарабынан жемкорлукка шектелип кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Атайын кызмат 8-июнда кайра тергөө абагына киргизген.

Май айынын аягында Василий Дашков ден-соолугу начарлап кетти деген себеп менен Бишкектеги «Бикард» менчик бейтапканасына жаткырылган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Андан тышкары жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болууда. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган.

УКМК «Кыргыз темир жолундагы» жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орунбасары болгон. Жарандык коомдун өкүлдөрү аны коррупциялык иштерге айыптап чыккандан кийин, 2021-жылдын мартында кызматтан алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты