Москвадагы массалык мушташка байланыштуу бир кыргыз жараны камалды

  • 2 года мурун

Москва шаарынын Таган районундагы калайман мушташка байланыштуу 20 жаштагы кыргызстандык жаран камалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мушташка байланыштуу дагы эки кыргыз жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

«Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе элчинин көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.

Орусиялык басылмалар мушташ 9-январда болгонун, ага Кыргызстандын жарандарынан сырткары Өзбекстан менен Чеченстандан келген ондон ашык адам катышканын жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты