COVID-19: 465 адамдан аныкталды. Эки бейтап көз жумду
- 2 года мурун
12-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 465 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 345;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 60;
Ош облусу – 16;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусу – 8.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 186 878ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 97. Жалпы — 180 529.
Каза болгондордун саны — 2. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 823.
Стационарда 523, амбулатордук түрдө 1 514 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү