Токаев ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн Казакстандагы миссиясы аяктаганын билдирди

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мажлистин 11-январдагы жыйынында Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүнүн Казакстандагы негизги миссиясы аяктаганын жарыялады.

Токаевдин айтымында, ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын алкагында барган аскерлер эки күндөн кийин өлкөдөн чыгарыла баштайт жана бул жараян жалпы 10 күнгө созулат.

Буга чейин ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын билдирген. Ошондой эле алар Казакстандагы кырдаал толук жөнгө салынганча болорун айткан.

Уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрүп, анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат берди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп атаган. Тополоңордорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп айткан.

«Бандиттердин түнкүсүн моргдорго кол салып, каза болгон жолдошторунун сөөгүн алып чыгып кетиши кокусунан эмес. Алар согушкерлердин сөөгүн согуш талаасынан дагы алып кетишкен. Бул эл аралык террористтердин практикасы. Алар дал ушундай жол менен изин жашырып келишет», — деп билдирген Токаев.

Азырынча тополоңдордо канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун ырастаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты