Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алихан Смаиловду премьер-министр кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин парламенттин төмөнкү палатасы өкмөт башчылыгына Смаиловдун талапкерлигин жактырган.

Казакстандагы нааразычылык акцияларынын фонунда президент Токаев 5-январда Аскар Мамин баштаган өкмөттү отставкага кетирген. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-премьер Алихан Смаилов дайындалган.

Алихан Исмаилов 49 жашта. 2020-жылдын майынан бери Казакстандын биринчи премьер-министри кызматын аркалап келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты