«Кумтөр иши»: Сот экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди күнөөлүү деп тапты

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөр иши» боюнча жемкорлукка шектелген мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевди күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айыпка жыкты.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жоомарт Оторбаев 2021-жылдын сентябрь айында «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Эки айдан кийин эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган.

Мурдагы өкмөт башчысы тергөө менен келишим түзгөнүнө байланыштуу анын иши өзүнчө каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты