Абактагы депутат Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыкты

  • 2 года мурун

Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу 24.kg басылмасы адвокат Акын Авазбековдун маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, Таштанбековго карата козголгон кылмыш ишин Бишкектин Свердлов райондук соту карап жатат.

«2021-жылдын 31-декабрында Акбөкөн Таштанбеков ант берип, мандат алган. Кечээ сот анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Тергөө тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыптоо корутундусу чыккан. Бирок бул иш боюнча бир дагы жабырлануучу чыккан жок», — деди Акын Авазбеков.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Акбөкөн Таштанбековду «Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу 14-декабрда Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты