Алматыда кыргыз жаранын жарадар болгон аксакалга жардам берип жатканда атып кетишкен

  • 2 года мурун

Казакстандын Алматы шаарында башаламандык учурунда каза тапкан кыргыз жараны фитнес-тренер Азиз Мусаев экени белгилүү болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мусаев үй-бүлөсү менен Алматынын борбордук аянтына жакын жерде жашаган. Маркумдун жубайы Мусаевди 6-январь күнү саат 22:30 чамасында үйүнүн жанында жарадар болгон аксакалга жардам берип жаткан жеринен атып кетишкенин билдирген.

Азиз Мусаев Алматы шаарындагы Luxor фитнес клубунда машыктыруучу болуп иштеген.

Мындан тышкары ал пауэрлифтинг боюнча спорттун чебери болгон.

10-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматы шаарындагы тополоң учурунда бир кыргызстандык каза болгонун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты