Жапаров ЖККУ жыйынында Казакстанда кармалган кыргыз жарандары тууралуу сөз кылды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясында Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

«Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, башаламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Ушундан улам ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз», — деди Жапаров.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев казак бийлигин соңку окуяларды иликтеп-териштирүүдө «риториканы өзгөртүшү керектигин, кыргызстандыктарды террорчулукка айыптоо туура эместигин» билдирген.

Белгилей кетсек, каазак полициясы башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат.

Алматы шаарында кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулуп, учурда Бишкекке келе жатат.

Бүгүн, 10-январда Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Ага Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режимде катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты