«Тазалыктын» дагы бир кызматкерин унаа коюп кетип каза тапты

  • 2 года мурун

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын дагы бир кызматкерин автоунаа коюп кетип каза болду. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-январда, болжол менен саат 8:15тер чамасында болгон.

«41 жаштагы Р. Г. аттуу айдоочу Toyota Probox үлгүсүндөгү автоунаа менен Шабдан баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, ТЭЦтен өткөндөн кийин 35 жаштагы «Тазалыктын» К.С. аттуу кызматкерин сүзүп алган. Жабырлануучу алган жаратынан улам кырсык болгон жерде мүрт кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Автоунаа убактылуу айып короосуна токтотулуп, айдоочу Бишкек шаардык милициянын тергөө кызматына жеткирилди. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын эмнеден болгону такталып жатат.

Бул акыркы бир ай ичиндеги «Тазалык» ишканасынын кызматкери каза тапкан үчүнчү кырсык. 2021-жылдын 12-декабрында 47 жаштагы, 18-декабрда 61 жаштагы «Тазалыктын» кызматкерин унаа коюп кетип, көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты