«Центерра» Кумтөрдү Кыргызстанга биротоло өткөрүп берүү үчүн шарттарын атады

  • 2 года мурун

Канадалык «Центерра Голд» компаниясы Кумтөр кени боюнча талаш-тартышты чечүү үчүн Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады. Бул тууралуу ишкананын расмий сайтында айтылат.

Ишкананын сайтына жарыяланган билдирүүдө сунушталган келишимде камтыла турган кээ бир шарт-талаптар айтылган.

Буга чейин Кыргызстан менен «Центерра» компаниясынын ортосундагы тынчтык макулдашуусун талкуулоо аяктап бара жатканы айтылган. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, келишимде «Кумтөр Голд Компани» ишканасын Кыргызстанга толугу менен өткөрүп берүү талабы коюлган.

«Центерра» өз кезегинде мүмкүн болгон бардык макулдашууда төмөнкү негизги шарттар камтылат деп үмүт артууда:

  • Centerra өзүнүн «Кыргыз алтынга» тийиштүү 26,1 пайыз акциясын алат. Өткөрүп алгандан кийин «Центерра» акцияны жокко чыгарат;
  • Кыргызстан компаниянын өлкөдөгү эки туунду ишканасын жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти толук өзүнө алат;
  • 2021-жылы «Центерра» кенди камакка алуудан улам «Кыргыз алтын» ишканасына төлөбөй калган дивиденддин үч суммасын төлөп берүү жана Centerra Gold менен анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы балансты сактоо менен байланышкан каржылык маселелердин ордун толтуруу;
  • «Центерранын» директорлор кеңешиндеги «Кыргыз алтындын» эки талапкеринин отставкасы;
  • Эки тарап тең бардык доо-арызынан биротоло баш тартып, бардык соттук териштирүүлөрдү эч бир юридикалык жоопкерчиликсиз токтотуу.

Компания белгилегендей, Кыргызстандын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр уланып жатат жана сунушталган кайсы бир чечим ишке ашарына эч кандай кепилдик жок.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда канадалык компания менен «сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар» экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты