Орусияда эмгек мигранттары инфекциялык көзөмөлгө алынат

  • 2 года мурун

Орусиянын аймагында иштеген эмгек мигранттары инфекциялык көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, келерки жумадан тартып дээрлик бардык эмгек мигранттары үчүн Орусиянын аймагына кирүү эрежелери өзгөртүлөт. Белорустардан тышкары ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн жарандары Орусиянын аймагына киргенден тартып бир айдын ичинде ИИМге сифилис, ВИЧ, коронавирус сыяктуу инфекциялык илдеттерге каршы тесттин жыйынтыгын тапшырышы керек.

Мындай анализдин жыйынтыктарын жыл сайын тапшырып туруу керек болот. Эгер илдет аныкталган болсо, ал адам өлкөдөн чыгарылат. Эксперттер бул эреженин киргизилишин эпидемиологиялык жактан негизсиз деп атап, мыйзамсыз аракеттерге барган адамдардын саны дагы көбөйөрүн эскертишүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты