Киевде Кыргызстандын эки жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Украинанын Киев шаарында Кыргызстандын эки жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Vesti.ua басылмасы шаардык прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Басылма тараткан маалыматка караганда, окуя 2021-жылдын 20-декабрында болгон. Маркумдун сөөгү шаар сыртындагы токойлордун биринен табылган.

Жергиликтүү санаторийлердин биринде башкы дарыгер болуп эмгектенген 50 жаштагы адам Киев шаарында такси айдап иштеген 34 жаштагы Кыргызстандын жаранына кайрылып, мейманканага жеткирип коюуну өтүнгөн. Айдоочу кардарды жеткирип коюуга макул болгон. Автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары 43 жаштагы дагы бир Кыргызстандын жараны болгон.

«Алар сапар учурунда кардардын жанында ири суммадагы акча болушу мүмкүн экенин түшүнүп, кол салууну чечишкен. Унаа токтогон учурда алардын бири кардар отурган арткы орундукка өтүп, башына бир канча жолу муштуму жана айнек бөтөлкө менен уруп жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу акыл эсин жоготуп салган», — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу жана жанындагы досу кардардын банк картасын, уюлдук телефонун, сумкасын жана акчасын тартып алышкан. Андан соң жабырлануучуну Киев облусундагы Бучан районуна алып барып, колу-буту байланган бойдон өзүнө келе электе токойго таштап кетишкен.

Маркумдун туугандары укук коргоо органдарына кайрылып, анын дайынсыз жок болуп жатканы жөнүндө кабар беришкен. Полиция кызматкерлери изделип жаткан адамдын картасынан бир канча жолу акча алынганын тастыкташкан. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында шектүү катары эки адам кармалган.

Кармалгандардын бири полицияга маркумду каякка ташташканын айтып берген. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты