Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык балдар мекенине кайтарылды

  • 3 года мурун

Орусиядан Кыргызстанга ата-энесинин камкордугусуз калган үч бала алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды мекенине кайтарып келүү иштери Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.

Аталган репатриация иш-чарасынын алкагында элчилик Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Орусиянын Самара, Орел, Москва шаарларынан үч баланы мекенине кайтарып келди. Мындан тышкары балдарга зарыл болгон документтер берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты