Милиция жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосуна катышты. Бул тууралуу 24-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров билдиргендей, алдыдагы жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү.

Гарнизондук саптык кароо учурунда экологиялык жана туристтик милициянын техникасы жана транспорту текшерилди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында, ошондой эле республиканын бардык аймактарында күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү, жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында саптык кароо-инструктажы өткөрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты