Адвокат: Бактыбек Калмаматов соцтармактагы өзү жазбаган посттор үчүн айыпталып жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-декабрда, саясатчы Бактыбек Калмаматовдун камалышы боюнча анын адвокаты Мырза-Айым Камчыбекова, «Азаттык» партиясынын лидери Исмаил Исаков жана партия мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Калмаматовду камактан бошотууну талап кылышууда.

Адвокат Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго «Фейсбуктагы» Нур Азиз аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

«Бактыбек Калмаматовго «Фейсбукта» Нур Азиз деп катталган колдонуучу жазган посттор үчүн айып коюлуп жатат. Мен ал аккаунт менен кечээ тааныштым. Ал 2020-жылы пайда болуп, карикатураларды чыгарчу экен. Атайын кызмат ал аккаунт Калмаматов мурда колдонгон телефон номурга байланган деп жатат. Биз ал номурду ким колдонуп жүргөнүн билүү үчүн уюлдук оператордун кеңсесине бардык. Алар номур күйүп кеткенин жана сатыкка коюлганын билдиришти», — деди Камчыбекова.

«Азаттык» партиясынын лидери Исмаил Исаков Бактыбек Калмаматов азырынча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер экенин, анын статусу камакка алууга жол бербей турганын билдирди.

«Азаттык» партиясы Калмаматовдун кармалышы боюнча Башкы прокуратурага, Кыйноолордун алдын алуу борборуна арызданышкан.

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Калмаматовдун баш коргоо чарасын карайт.

Саясатчы, Жогорку Кеңешин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган. Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айып тагууда. 22-декабрда Бактыбек Калмаматовдун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, 23 санарип техника алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты