Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2018-жылдын 4-декабрында дайындалган. Ага чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, маданият, маалымат жана туризм министри кызматтарын аркалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты