Сот: Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

  • 2 года мурун

«Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

«Кечээ, 22-декабрда, Биринчи май райондук сотунда «Кой-Таш» окуясы боюнча соттук отурум өттү. Отурумдун жүрүшүндө соттук териштирүүнүн мөөнөтү 2022-жылдын 27-февралга чейин узартылды. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү маселеси каралган жок. Буга байланыштуу адвокаттардын экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы жокко чыгарылгандыгы тууралуу айткандары чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков дээрлик бир жылдан бери камакта жатат. Ал эми жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, сотттук териштирүү учурунда бир жылдан ашык камакта кармоого болбойт.

Сот Азирет Медеров Равшан Жээнбековду камактан 27-декабрда бошотуу чечими чыккандыгын билдирген.

«Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып жаткандарга, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаевге, Фарид Ниязовго бөгөт чарасы узартылган жок. «Кой-Таш» окуясы боюнча Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жок.

«Кой-Таш» окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелип жаткан.

«Кой-Таш окуясы» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты