Орусияда эмдөөдөн баш тарткандарга айып салынышы мүмкүн

  • 2 года мурун

Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматында (Роспотребнадзор) эмдөөдөн баш тарткандарга карата айып салуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары ат аталган ведомствонун башчысы Анна Поповага таянып билдиришти.

Анын айтымында, учурда бул маселе башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде каралып жатат.

“Белгилүү болгондой, буга чейин Австрияда эмдөөдөн баш тарткандарга 3 миң 600 евро суммасында айып салуу чечими чыгарылган. Ал эми АКШда эмдөөдөн баш тарткандыгы үчүн 100дөн ашык кызматкерлери бар компанияларга айып салына баштайт”, — деп айтылат маалыматта.

Орусияда Жогорку сот видеоматериалдардын негизинде беткабы жок жүргөндөргө айып салууга уруксат берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты