«Жыйынтык бар, демек иш бар». Садыр Жапаров УКМКнын ишмердүүлүгүнө баа берди

  • 2 года мурун

18-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, нарко-бизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратып жатканын белгилеген.

«Ага жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилген бир катар резонанстык иш-чаралардын жыйынтыктары далил. Жыйынтык бар, демек иш бар», — деп билдирген Садыр Жапаров.

Мындан тышкары ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгилеген.

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, Башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландалып жатат.

Мындан сырткары маалыматта генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясынын административдик окуу корпусун, жатаканасын жана спорт комплексин, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылып жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты