УКМК: Жогорку соттун жетекчилиги санариптештирүүгө бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот системасын санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз чыгаруу боюнча сот системасындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул коррупциялык иштерге Жогорку Соттун жетекчилигинин, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин, «Адилет Сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги белгилүү болгон.

«Жогорудагы адамдардын тобу «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин Электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалма жол түзүшүп, ушул максаттарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар жасалма кабыл алуу актыларына кол коюу жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын «которуп алуу» менен коштолгон сот отурумдарын аудио-видео жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга дуушар болгон.

Аталган кылмыш иштеринин алкагында, сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын ичинен 6 адам буга чейин соттолгондор.

Тергөө учурунда 18 миллион 988 миң 553 сом материалдык чыгым аныкталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке толугу менен кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты