Бишкекте №206 маршрут токтотулуп, ордуна Токтобүбү Оргалчага таандык компаниянын автобустары киргизилди

  • 2 года мурун

Бишкектин «Мурас Ордо» конушуна каттаган №206 маршрут токтотулуп, анын ордуна жаңы автобустар киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэриянын мындай чечим кабыл алуусуна аталган конуштун тургундарынын №206 маршруттун ишине канаттанбагандыгы жана «Жазада-Транс» ишканасынын өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болгон. Ошол себептен, борбор калаанын Транспорт башкармалыгы аты аталган компания менен келишимди үзгөн.

«Маршруттун токтотулганына байланыштуу ыкчам тартипте «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясы менен келишим түзүлдү. «Ош» базарынан «Мурас Ордо» конушуна чейинки үч айлык убактылуу маршрут иштелип чыгып, №41 каттам менен автобустар жүрө турган болду», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө №41 каттам боюнча линияга 7 автобус чыгып жатат. Жалпысынан каттамга 10 автобус керектелет.

Белгилей кетсек, «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясы «Альянс» партиясынан депутат болуп келе турчу Токтобүбү Оргалчага таандык.

2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова түзгөн “Үмүт булагы” коомдук фонду шаар ичине 20 автобусту коюп, элди бекер ташыткан. Дал ошол автобустар “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын автобустары болгон. “Үмүт булагы” фонду автобустарды “Шыдыр Жол Кей Джиден” ижарага алдык десе, компаниянын директору Нурсланбек Балтабаев ижара акысын алышпаганын, болгону күйүүчү май куюп бергенин айткан.

“Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясы 2020-жылдын октябрь окуяларында дагы автобустары менен Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү менен белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты