Жанар Акаевдин мандатын алуу аракетиби?

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн тартиби жана жыйынтыгы жөнүндөгү жобо өзгөртүлдү.  

Ага ылайык, 7 мандат алган партиядан 2 аял өтүшү керек деген ченем 3 аял өтүшү керек деген ченемге алмашылды.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык, алсак, “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон аял талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат берүүгө туура келет.  

Токтобүбү Оргалча этникалык кыргыз, Кытайдын Кызыл-Суу автоном округунда туулган. Кытайда врач болуп иштеген. 2015-жылы Бишкекте “Шыдыр жол Кей жи” жана “Мега компания” компанияларын негиздеген.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты