Токтобүбү Оргалча менен Айгүл Жапарованын байланышы. Президенттин басма сөз катчысы үн катты

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Альянс» партиясынын мүчөсү Токтобүбү Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын ортосундагы байланыш тууралуу сөздөрдү четке каккан билдирүү таратты.

«Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерди саясатташтыруунун, чайкоочулук кылуунун кереги жок. Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болуп, талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалча депутат болуп келет.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар «Шыдыр Жол KG» ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар Токтобүбү Оргалчага таандык «Шыдыр Жол KG» ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган маршруткалардын айдоочулары иш таштап, 4-июнда Айгүл Жапарова жетектеген «Үмүт булагы» фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды «Шыдыр Жол KG» ишканасынан ижарага алганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты