Өзүнүн аты Оуерхалика Тохутибуби. Оргалча Токтобүбү ким?

БШК  парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобосуна өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алышы мүмкүн.

Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобо менен жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болуп, Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алып калат.

“ПолитКлиника” медиасы Токтобүбү Оргалча деген ким экенин тактап көрдү.

Токтобүбү Оргалча Кытайдан көчүп келген кыргыз. 2021-жылдын эле январь айында анын аты Оуерхалика Тохутибуби болчу. Биз өзүнө чалып сураганыбызда суроону угары менен телефонду коюп салып, кайра албай койду.

Өзүнүн аты Оуерхалика Тохутибуби. Оргалча Токтобүбү ким?

Токтобүбү Оргалчанын өзүнө  «Шыдыр Жол Кей Джи»,  “МегаКомпани”, “Томас Кей Джи” ЖЧКлары катталган. Бул компаниялардын айрымдарында анын жолдошу  Балтабаев Нурсланбек Шабидинович жетекчи катары жазылган.

Балтабаев Нурсланбек Шабидиновичтин өзүнө дагы «ТОПФОРМ.КЕЙ ДЖИ»,

«Достук Фарма» ЖЧКлары катталган.

Садыр Жапаровдун үйбүлөсү менен байланыш

2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова түзгөн “Үмүт булагы” коомдук фонду шаар ичине 20 автобусту коюп, элди бекер ташыткан. Дал ошол автобустар “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын автобустары болгон. “Үмүт булагы” фонду автобустарды “Шыдыр Жол Кей Джиден” ижарага алдык десе, компаниянын директору Нурсланбек Балтабаев ижара акысын алышпаганын, болгону күйүүчү май куюп бергенин айткан.

Өзүнүн аты Оуерхалика Тохутибуби. Оргалча Токтобүбү ким?

“Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясы 2020-жылдын октябрь окуяларында дагы автобустары менен Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү менен белгилүү болгон.

Өзүнүн аты Оуерхалика Тохутибуби. Оргалча Токтобүбү ким?

Автор: ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты