Сокулукта 41 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелип жолдошу кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда 48 жаштагы адам аялынын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда Сокулук РИИБине аймактык ооруканага денесинен ар түрдүү жаракат алган аял түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде жаракат алган аялдын өздүгү аныкталып, аял ооруканада өзүнө келбей каза болгону маалым болгон.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Саламаттыкка оор зыян келтирүү») боюнча катталган.

Кылмышка шектүү катары жабырлануучунун күйөөсү, 1973-жылы туулган Б. К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлар мас абалында уруша кетишип, жыйынтыгында күйөөсү аялын сабап салган. Натыйжада 41 жаштагы К. Э. алган жаракаттарынан улам каза тапкан.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты