Ошто өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен 39 жаштагы адам кармалды

  • 2 года мурун

Ош шаарынын 39 жаштагы тургуну өзүнүн 14 жаштагы кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринде 2007-жылы туулган кыздын «акыркы күндөрү психологиядык жактан жабыркап жүргөнүн байкап», аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Бирок кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан.

«Милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталганын жана оор абалда жүргөндүгүн титиреп, ыйлап жатып айтып берген», — деп жазылат милиция тараткан билдирүүдө.

Мындан улам милиция кызматкери Ош ШИИБинин жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кызды, анын атасын жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн суракка алышкан.

Сурак учурунда өспүрүм кыз алгачкы жолу 2019-жылдын июнунда атасы тарабынан зордукталганын айтып берген. Ал учурда кыздын апасы Орусияда эмгек миграциясында жүргөн. Бирок жабырлануучу апасы үйүнө кайтып келгенден кийин да кылмыш улана бергенин айткан.

Жабырлануучунун айтымында, акыркы жолу атасы аны 2021-жылдын 28-ноябрында зордуктаган. Окуяга кыздын бир-тууган эжеси күбө болгон. Бирок кыздар атасынан корккондуктан милицияга кайрылышкан эмес.

Аталган факты боюнча «Зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 39 жаштагы шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты