Министрлер кабинетинде пенсиялык тутумду реформалоо маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Акылбек Жапаров жарандарды пенсиялык камсыздоо денгээли мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугун мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгилеп, келерки жылдан тартып бул тармакты реформалоо пландалып жатканын билдирген.

«Салык жана бажы тутумун реформалоо жыйынтыкталуу алдында турат, келерки жылдын январь айынан тарта биз пенсиялык тутумду реформалап баштоону пландаштыруудабыз. Анын негизги максаты – тутумдун жалпы катышуучулары үчүн бирдиктүү укукту камсыздоо эсебинен адилеттүүлүкту жана натыйжалуулукту жогорулатуу жана пенсиялык камсыздоо принциптерин кучтөндүрүү».

Мындан тышкары жыйында Социалдык фонддун «Келечек булагы» өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясы сунушталды.

Жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу керектиги, ошондой эле жарандардын келечекте пенсия алуусунун кепилдиги катары мамлекет чыгып, жарандар пенсиясы аныкталуусу үчүн каражаттарын чын дилинен которо тургандай болуп, Социалдык фондго карата мамилеси өзгөртүлүшү керектиги айтылды.

Стратегияны талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Социалдык фонддун жетекчилигине айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты