УКМК: Бишкекте 39 адамдын өлүмүнө себеп болгон терактка тиешеси бар чет өлкөлүк жаран кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкекте террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп шектелип жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адамдын Түркиянын Стамбул шаарындагы резонанстуу терактка тиешеси бар экени, анын натыйжасында 18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгону аныкталган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты