Кайрат Чокеев Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынан чыгарылды

  • 2 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандардын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынан чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги аталган мекеменин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Чокеев АИКнын Чүй облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн курамынан чыгарылды жана кызматтык күбөлүгүнөн ажыратылды.

«Буга чейин Кайрат Чокеев АИКге коомдук башталышта мүчө болгон. Ал райондун өкүлү болуп дайындалган эле. Бул факты боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп айтылат АИКнын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 9-декабрда Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандардын бири Кайрат Чокеев президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешине мүчө болгонун жазып чыккан.

Белгилей кетсек, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкек шаарындагы «Парк отель» мейманканасынын алдында бир канча адамдан турган топ кол салган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери аталган окуяга Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин жана шаардык кеңештин бир канча депутатынын тиешеси бар экендигин аныкташкан. Алардын арасында Кайрат Чокеев дагы болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты