Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы өзгөрдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айтен Рустамова, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору Фред Хьюстон чыгарылды.

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Евразия өнүктүрүү банкынын директору Нурлан Акматов киргизилди.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш быйыл июль айында түзүлгөн. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциацияларынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү мүчө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты