Президент Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамын бекитти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу, бүгүн, 25-октябрда президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеши үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында түзүлгөн.

«Кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат», — деп айтылат Президенттик администрация тараткан билдирүүдө.

Кеңештин жеке курамын башкы катчынын сунушу боюнча президент бекитет.

Аталган Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы :

Жапаров Садыр НургожоевичКыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;  
Муканова Нуруйпа Алиевна    Кеңештин башкы катчысы;
Кеңештин мүчөлөрү:  
Койчуманов Мээримбек НурбековичКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);  
Макешов Чингиз ДуйшенкуловичКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);  
Маматалиев Марлен АбдрахмановичКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);  
Никитенко Наталья ВладимировнаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);  
Турусбеков Бактыбек СагындыковичКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Бир бол» фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);  
Зулушев Курманкул ТокторалиевичКыргыз Республикасынын Башкы прокурору;  
Боконтаев Кубанычбек КенешовичКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);  
Амангельдиев Данияр ДжолдошевичКыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;  
Бакетаев Алмаз КушбековичКыргыз Республикасынын финансы министри;  
Баетов Аяз БатыркуловичКыргыз Республикасынын юстиция министри;  
Ниязбеков Улан ОмокановичКыргыз Республикасынын ички иштер министри;
   
Купешев Болотбек ДушековичКыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;  
Бейшеналиев Алымкадыр СабирдиновичКыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;    
Осоев Эркинбек Арстанбекович  –    Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;  
Робин Орд-СмитКыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы (макулдашуу боюнча);  
Шаршекеев Марат ДуйшебаевичКыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);  
Акматов Сталбек ТемирбековичКыргыз Республикасынын Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);  
Акматалиев Алмазбек АкматалиевичКыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, философия илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);  
Алымбеков Кеңешбек АсанкожоевичМуса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кафедра башчысы, технология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);  
Аркабаев Номанжан Акматовичадвокат, «Жаңы Доор» гезитинин журналисти (макулдашуу боюнча);  
Балтабаев Рустам Кадиржонович«Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар ​​бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);  
Даутов Ялкун Умержанович«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);  
Ибраев Алмаз ОрозакуновичЭл аралык билим берүү жана изилдөөлөр борборунун директору, саясий илимдердин кандидаты (макулдашуу боюнча);  
Ибрагимов Самат Суюнтбекович«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
«Тартип жөнүндө мыйзам талабы» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);  
Исаева Рапия УркасымовнаЖ. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);  
Исеналиев Эмилбек Аскеевич«Жогорку Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);  
Исраилов Абдилашим ИсраиловичКредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);  
Койчуманова Чолпон УрушбековнаКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр борборунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);  
Лютфуллах Шевки Сарылар«Түркия-Кыргызстан Ишкерлери, Маданияты, Тилектештиги жана Достугу» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);  
Пакыров Фархад Ганижанович«ЖИА бизнес ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);  
Самтырова Гулумкан Исаевна«Жемкорлукка каршы адилеттүү көмөк» коомдук фондунун теңтөрагасы (макулдашуу боюнча);  
Сыдыков Аскар Куттубекович«Эл аралык ишкерлер кеңеши» юридикалык жактар ​​бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);  
Ташибеков Артур Ашимбекович«Кыргызстандын рынокторунун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясы» юридикалык жактар ​​бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);  
Тунгатаров Актилек КырманчиевичКыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);  
Ускенбаева Гульнара Тураровна«Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Шабданов Радик Раимбекович«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);  
байкоочу мүчөлөр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча):  
Айтен РустамоваЕвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;   
Габриэла ГеллилГермания Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;   
Кит СиммонсКыргыз Республикасындагы эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу;   
Оливье БангертерШвейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси;   
Фред Хьюстонэл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору;   
Эдуард АуэрЕвропа бирлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи.   
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты