​Текебаев менен Чотоновдун иши сотто кайра каралат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, үй камагына чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши сотто кайра каралат.

Сот отуруму Бишкектин Биринчи май сотунда өтөт.

Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши 29-августта, Биринчи май райондук сотунда жабык каралган. Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сурөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты