Өмүрбек Текебаев президент жана Министрлер кабинети тарабынан мыйзам бузуу болуп жаткандыгын билдирди

  • 2 года мурун

Саясатчы Өмүрбек Текебаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «Фейсбук» баракчасында өзүн сындап жазган билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда ал президент жана ал баштаган Министрлер кабинети өкмөттүн ишин алып барууда мыйзам бузуп жатканын белгилеген.

Өлкөдө абал оор, энергетикалык кризис ар бир үйгө кирип келди. Ошондой кырдаалда кыргыз өкмөтү Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте жыйын өткөргөн жок. Ал жыйынды президент өзү жетектеш керек эле. Конституцияда жана мыйзамдарда «Президент аткаруу бийлигин жетектейт жана анын ишине жеке жооп берет; өкмөттүн жыйындарына төрагалык кылат» жазылып турат.

Андан соң ал Эдил Байсаловдун «Президент эл көрсүн деп популисттик менен силерге окшоп иш кылбайт» деген сөзүн сынга алып, өкмөттүн иши эл алдында ачык-айкын болушу керектигин белгилеген.

Урматтуу Эдил Байсалов, урматуу Садыр Жапаров, «Министрлер кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамда өкмөттүн иши ачык жана айкын болот; жыйын болору жөнүндө алдын-ала жарандарга кабар берилет; күн тартиби жарыяланат; өкмөттүн жыйынынын жүрүшүнөн аудио жана видео жаздыруулар эки күндөн кем эмес убакта ачык порталда жарыяланат; эгер техникалык себептер менен аудио жана видео жаздыруулар жок болуп калса, эмне себептен экенин түшүндүрүп, качан чыгарарын жарыялайт; ал видео, аудио жаздыруулар толук болот, кыскартылбайт» — деп жазылып турат.

Мындан тышкары ал «Министрлер кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамга ылайык, өкмөт кандай чечим кабыл алгандыгын элге жарыялаш керек экендигин, жыйындарга өкмөт мүчөлөрүнүн 2/3 же 15тен кем эмеси катышары, токтом көпчүлүк добуш менен кабыл алынары, кабыл алынган токтом элге жарыялангандан кийин гана күчүнө кирери тууралуу айткан.

А Эдил Байсалов эмне дейт? Биз өзүбүз билебиз дейт. «Президент керек болсо, түнкү саат 3-4тө телефон аркылуу ойготуп, биз менен кеңешет. Жолукканга убактысы болбосо, смс менен тапшырмаларды берет» дейт. Урматуу Эдил Байсалов, бул Конституцияда көрсөтүлбөгөн форма, ыкма. Муну кыргыздар «бармак басты, көз кызды» дейт. Бул (ыкма — ред.) коррупцияга, өзүм билемдикке, диктатурага алып келет.

«Кыргыз өкмөтү өз ишибизди мыйзамдуулукту сактоо менен алып барабыз деп ант бергенсиңер. Президент дагы ант берген. Өкмөттүн ишин Конситуцияга, конституциялык мыйзамга ылайык алып баргыла. Болбосо ант урат. Мындайларды кыргыздар «анткор» деп коет. Бул мыйзамды мен жазган эмесмин, өзүңөр жазгансыңар. Бул мыйзамга мен добуш берген эмесмин, өзүңөр бергенсиңер. Бул мыйзамга өзүңөр кол коюп жарыялагансыңар. Мыйзамды, Конституцияны, элди сыйлагыла» — деп билдирген Текебаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Фейсбук» баракчасы аркылуу Өмүрбек Текебаевдин өкмөттүн ишине карата айткан сынына жооп катары билдирүү калтырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты