Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы үч ишканага карата иш козголду

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын структуралык бөлүмдөрүндө 143 миллион сомго жакын акча каражаты максатсыз пайдаланылганы аныкталды. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган факты боюнча «Бишкек жашыл чарба», «Бишкексвет» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын материалдары Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

«Бишкек жашыл чарбанын» 43 млн сомду тиешелүү документтери жок колдонгону боюнча фактылар бар. «Бишкекасфальтсервис» боюнча, ал жакта 943 млн сом дебитордук карыз бар экенин биринчи күндөн тартып эле билгем. Буларды дароо укук коргоо органдарына жөнөткөм», — деди Жунушалиев.

Мындан тышкары калаа башчысы учурда муниципалдык ишканаларда текшерүү иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты