Өзбекстандын президенти 182 соттолуучуга ырайым кылды

  • 2 года мурун

Конституция күнүн утурлай Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «кылмыштарына өкүнүп, түзөтүү жолуна түшкөн» деген негиз менен абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 182 соттолуучуга ырайым кылуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу ал Конституция күнүнө карата майрамдык куттуктоосунда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган куттуктоонун текстинде ырайым кылынган 182 адам кандай кылмыштары үчүн соттолгону айтылган эмес.

Кийинчерээк Өзбекстандын Юстиция министрлиги мунапыс алгандардын үчөө жаза мөөнөтүн өтөөдөн толук, 108и шарттуу түрдө бошотулганы, сегиз адамдын жазасы жеңилдетилгени тууралуу маалымат таратты. Мындан тышкары 63 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылган.

Мунапыс берилгендердин арасында чет мамлекеттердин алты жараны, 60 жаштан ашкан алты эркек, тогуз аял, тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 25 адам бар.

Мунапыска илингендер түрмөдө өткөргөн убактысын эмгек тажрыйбасына кошуп жаздырууга укук алып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин жеке бизнесин баштоо үчүн мамлекеттен 10 миллион сум өлчөмүндө материалдык жардам ала турганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Өзбекстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 215 кишиге мунапыс берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты