Чет өлкөлөрдө каттоодон өткөн шайлоочулардын 8%га жакыны добуш берди

  • 2 года мурун

28-ноябрь 18:00гө карата чет мамлекеттерде каттоодон өткөн 84 128 кыргызстандык шайлоочунун 6 609у же 7,86% добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Буга чейин Түштүк Сахалин, Владивосток, Иркутск аймактарында жана Жапониядагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланган.

Быйыл парламенттик шайлоо үчүн 29 өлкөдө жалып 59 шайлоо тилкеси ачылган. Добушканалардын көпчүлүгү Орусиянын аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты