БШК талапкер Шайырбек Ташиевге экинчи ирет эскертүү берди

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №14 Жалал-Абад шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайырбек Ташиевге экинчи жолу жазуу түрүндө эскертүү берди.

Жазуу түрүндө эскертүү алгандардын арасында учурдагы депутат Дастан Жумабеков, Бакытбек Райымкулов жана Улан Примов дагы бар.

28-ноябрда БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгү маалында 20 талапкерге жазуу түрүндө эскертүү берилгенин билдирген. Ошондой эле ал 35 талапкерге айып салынганын айтып, айыптын жалпы суммасы 299,5 миң сомду түзгөнүн белгилеген.

Шайырбек Ташиев 28-октябрда үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн БШКдан жазуу түрүндө эскертүү алган.

Андан мурдараак «Фейсбуктун» Пери Орозбекова аттуу колдонуучусу Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна жаңы курулган үйдүн ачкычын тапшырганын айтып, талапкердин жакын туугандары кайрымдуулук менен алектенүүсүнө мыйзам тыюу саларын билдирип чыккан.

БШК анын билдирүүсүн текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) жөнөткөн.

Сузак райондук милициясы ал үйдү жеке ишкер курганын, Камчыбек Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан андан ачкычты салтанаттуу түрдө тапшырууну суранып кайрылышканын билдирген жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты