БШК талапкер Шайырбек Ташиевге эскертүү берди

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №14 Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайырбек Ташиевге эскертүү берди. БШКнын басма сөз кызматы жазуу түрүндөгү эскертүү талапкер үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн берилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна Ташиев боюнча арыз түшкөн.

Андан мурдараак «Фейсбуктун» Пери Орозбекова аттуу колдонуучусу Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна жаңы курулган үйдүн ачкычын тапшырганын айтып, талапкердин жакын туугандары кайрымдуулук менен алектенүүсүнө мыйзам тыюу саларын билдирип чыккан.

БШК анын билдирүүсүн текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) жөнөткөн.

Сузак райондук милициясы ал үйдү жеке ишкер курганын, Камчыбек Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан андан ачкычты салтанаттуу түрдө тапшырууну суранып кайрылышканын билдирген жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеген.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Үгүт өнөктүгү бүгүн, 29-октябрда башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты