«Социал-демократтар» партиясынын өкүлү добуш сатып алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «Н» аттуу жарандын Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын 23 жаштагы тургуну Т. Ж.га «Социал-демократтар» партиясынын тизмесинде 5-катарда орун алган талапкерге добуш берүү сунушу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча бергени аныкталган. Т. Ж ал каражаттын 24 миң сомун жакын туугандарына 1000 сомдон таратып, калганын «Н»ге 25-ноябрда кайтарып берген. Аны менен бирге ал акча алган 24 жарандын тизмесин жана паспортунун көчүрмөлөрүн кошуп бергени аныкталган.

Милициядан билдиришкендей, Т. Ж. дан акча алган жарандар алган каражатын тергөөгө өз ыктыярлары менен өткөрүп беришкен.

Топтолгон материалдардын жана далил буюмдардын негизинде Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х. Н. жана 23 жаштагы Т. Ж. кармалган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Акча таркаткан Х. Н. дин аталган партияга кандай тиешеси бар экени учурда такталып жатат.

Белгилей кетсек, «Социал-демократтар» партиясынын талапкерлер тизмесинде 5-катарда Султанбек Абдуллажанов орун алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты