Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3%га жакыны добуш берди

  • 2 года мурун

28-ноябрь саат 10:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бирдиктүү шайлоо округунан 107 миң 852 жаран же жалпы шайлоочулардын 2,91 пайызы катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 103 миң 332 шайлоочу (2,86%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

БШКнын маалыматына ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочуларын акыркы тизмесине шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран кирген.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Сүрөт: ПолитКлиника/Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты