ТИМ: Ташкент шаарындагы шайлоо тилкеси өз ишин баштады

  • 2 года мурун

28-ноябрь жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө Ташкент шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде уюштурулган № 9025 шайлоо тилкеси өз ишин баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00гө чейин иштейт.

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты