Ташкентте эл аралык инвестициялык форум өтүүдө

  • 6 дней мурун

Ташкентте эл аралык инвестициялык форум өтүүдө. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты жана сөз сүйлөдү.

МинКаб башчысы Касымалиев, форумдун катышуучуларынын көңүлүн күн тартибиндеги климаттык маселелерге буруп, климаттык коркунучтардын жана суунун жетишсиздигинин күчөшүнүн шартында, Кыргызстан региондук маанидеги узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аянтчаны сунуштаарын билдирди. 

Ошондой эле акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасындагы жетишкендиктерге токтолуп, өлкөнүн кредиттик рейтингинин Standard & Poor’s агенттигинин маалыматы боюнча «Туруктуу» болжолу менен «В+» деңгээлине көтөрүлүшү маанилүү окуя катары белгиледи. 

Мындан тышкары өнөр жай тармагына, санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, IT-компаниялар үчүн жеңилдетилген режим кирип – бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркында 477 резидент бар экенин кошумчалады. 

Өзбекстанга сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Ташкенттеги эл аралык инвестициялык форум 10-12-июнга чейин болот.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты