Пекинде Кыргызстандын элчилигиндеги шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

  • 2 года мурун

Пекин шаарындагы Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук округунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү үчүн №9040 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты