Шайлоо-2021: Өзгөн шаарынын мэри «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын үстүнөн арыз түштү.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов аталган партияны колдоо үчүн катышып жатканы айтылган.

Муну менен административдик ресурс кыянаттык менен пайдаланылып жатканы жана шайлоо мыйзамы бузулганы көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия, бир мандаттуу шайлоо округунан 290дой талапкер ат салышып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты