Ош шаарында 1-декабрдан тартып жол кире кымбаттайт
- 3 года мурун
1-декабрдан тартып Ош шаарында кичи автобустардын жол кире акысы жогорулайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары 25-ноябрдагы кезексиз жыйында кабыл алышты. Ага ылайык, 1-декабрдан тартып кичи автобустардын жол кире акысы күндүз 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлөт. Окуучулар үчүн жол кире акысы мурдагы бойдон калат.
Муну бөлүшүү